close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Тариф

Пенсионер

20 Гб интернет

15 мүнөт КР башка тармактарына чалууларга

WhatsApp

Чексиз WhatsApp

Чексиз тармак ичинде чалуу жана SMS

150 c / 30 күнгө

Кененирээк

Тарифти башкаруу

Закрыть Открыть

«Пенсионер» тарифине Мой Beeline аркылуу кошулуу мүмкүн.

Топтомдун калдыктарын текшерүү: *505#, *604#.
Топтомду мөөнөтүнө чейин жаңыртуу: *2200#.

Көп берилген суроолор

Закрыть Открыть

1. «Пенсионер» тарифинин кандай артыкчылыктары бар?
«Пенсионер» тарифи Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фонд менен биргеликте иштелип чыккан. 
Ал атайын Кыргыз Республикасынын пенсионерлерине арналып, айына болгону 150 сомго эң пайдалуу шарттарды сунуштайт:
•    20 ГБ интернет;
•    КРнын башка мобилдик операторлоруна чалуу үчүн 15 мүнөт;
•    Чексиз WhatsApp;
•    Beeline тармагынын ичинде чексиз чалуулар жана SMS.
Ар бир пенсионерди терең урматтоо менен түзүлгөн тариф!

2. «Пенсионер» тарифине кантип кошулам?
Тарифке Мой Beeline тиркемеси жана тейлөө кеңселери аркылуу гана кошулуу мүмкүн (пенсиондук күбөлүк талап кылынат).
Мой Beeline'дын «Тарифтер» бөлүмүндө «Атайын тарифтерди» ачып, «Пенсионер» тарифин тандап, «Кошуу» баскычын басыңыз. Тутум Сиздин пенсионердик статусуңузду КРнын Социалдык фондунун базасында Түндүк аркылуу автоматтык түрдө текшерет. Эгер Сиз тутумда катталган болсоңуз, тариф ийгиликтүү кошулат.

Аскердик пенсионерлер үчүн «Пенсионер» тарифин кошуу Beeline тейлөө кеңселеринде гана жеткиликтүү. Өзүңүз менен кошо пенсиялык күбөлүк алып келүү зарыл.

Көңүл буруңуз: бир пенсионер бир гана тарифке кошула алат. 

3. «Пенсионер» тарифи кимдерге жеткиликтүү?
Тариф КРнын Социалдык фондунун базасында катталган жана идентификацияланган пенсионер абоненттер үчүн гана жеткиликтүү.

4. Мен – пенсионермин, бирок тариф кошулбай жатат.
Эгер Сиз пенсионер болсоңуз, анда балким номер Сиздин наамыңызга катталган эмес. Номерди кайра каттоо жана маалыматты тактоо үчүн, номердин ээси менен чогуу эң жакынкы тейлөө кеңсебизге кайрылыңыз.

Кеңселердин картасы → https://beeline.kg/ky/map

5. Тарифке кошулуу үчүн документтер керекпи?
Эгер Сиз Мой Beeline тиркемеси аркылуу кошулсаңыз, анда документтердин кереги жок. Эгер Beeline'дын кеңсесине келе турган болсоңуз, анда пенсиондук күбөлүгүңүздү ала келиңиз.

6. Менин пенсионердик статусум жок, бирок мурда бул тарифке кошулгам. Эми эмне болот?
Сиздин пенсионердик статусуңуз автоматтык түрдө текшерилет. Эгер ал тастыкталбаса, тарифиңиздин мөөнөтү бүтөөр күнү, 30 мүнөт мурда Сиз автоматтык түрдө «Бул 20 ГБ» тарифине которуласыз (бир күн мурда эскертүү берилет).

7. Эгер номер мага катталган эмес болсо, тарифке кошула аламбы?
Тарифке кошулуу үчүн номер пенсионердин наамында болуп, өзү КРнын Социалдык фондунун базасында катталган болушу керек.

8. Мен учурда пенсионер эмесмин, бирок тарифке кошулгум келет.
Сунушубузга кызыкканыңыз үчүн рахмат! Бул тариф КРнын Социалдык фондунун базасында катталган пенсионерлер үчүн гана жеткиликтүү. Сиз үчүн башка пайдалуу тарифтерибиз бар.

Тарифтерди көрүү →  https://clck.ru/3QEWd5

9. Кайдан көбүрөөк маалымат алып, суроолорумду бере алам?
Кайрылуу жолдору:
• Beeline’дын WhatsApp колдоо кызматы: WhatsApp тейлоо борбору
*611 номери
• эң жакынкы тейлөө кеңсеси:  https://beeline.kg/ky/map

Негизги топтом түгөнүп калган учурда

Закрыть Открыть

Тарифти мөөнөтүнөн мурда “Мой Beeline” тиркемесинде же *2200# буйругу менен жаңыртсаңыз болот. Абоненттик төлөм алынат жана топтомдор калыбына келтирилет.
Балансыңызды толуктоодон мурун, абоненттик төлөм туура алынып, стандарттуу баа колдонулбашы үчүн мобилдик маалыматыңызды өчүрүүнү сунуштайбыз.

Тариф боюнча негизги интернет-топтом бүткөндөн кийин, интернетке кирүүгө аракет кылганда кошумча топтом аласыз:
•    2 ГБ 40 сомго - баланста 40 сом же андан көп болсо;
•    1,5 ГБ 30 сомго - эгерде баланста 30-39,99 сом болсо;
•    1 ГБ 20 сомго - баланста 20-29.99 сом болсо; 

Эгерде баланста 20 сомдон аз болсо, Интернет берилбейт.
Эгер тариф боюнча тармактан тышкары мүнөттөр бүтсө, анда башка тармактарга чалуу учурунда сиз "Тармактан тышкары 5 мүнөт" пакетин 10 сомго аласыз. Эгерде баланста 10 сомдон аз болсо, анда башка тармактарга чалуулардын баасы 3 сом/мин түзөт.
•    Топтомдордун иштөө мөөнөтү-24 саат. 24 саат өткөндөн кийин топтомдун калдыгы күйүп кетет;
•    Эгерде топтомдор чегерилген учурдан тартып 24 саат бүткөнгө чейин бүтсө же алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаса, сиз жогоруда көрсөтүлгөн топтомдорду кайрадан ала аласыз ("Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ" жана "Тармактан тышкары 5 мүнөт")..

Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ" топтомдорун берүүнү өчүрүү: *502*1#.
Интернет 1 ГБ/1,5 ГБ/2 ГБ" топтомдорун берүүнү кошуу: *502*0#.
Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго" топтомдорун берүүнү өчүрүү: *503*1#;
Тармактан тышкары мүнөттөр 10 сомго" топтомдорун берүүнү кошуу: *503*0#.

Эгерде абоненттик төлөм эсептен чыгарылбаса эмне болот?

Закрыть Открыть

•    Абоненттик төлөмдү алуу үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, интернет жана чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болбойт.
•    Кирүүчү чалуулар, SMS и USSD-командаларына, ошондой эле ыкчам кызматтарга жана  Beeline байланыш борборуна чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болот.
Тарифиңиз боюнча абоненттик төлөмдү өз убагында төлөп, ар дайым байланышта болуңуз.

Топтомдон тышкаркы баалар:
КРнын башка мобилдик операторлорунун номурларына чалуулар - 3 сом/мүн.;
КР катталган операторлорунун номурларына чалуулар - 5,85 сом/мүн.;
КРнын ичинде SMS -1 сом;
КР орнотулган операторлорунан 07755 жана 07759 префикстери менен түз номерлерге кирүүчү чалуулар-4,5 сом/мүн.; 
Эл аралык чалуулардын жана SMS наркы расмий баа тизмесине ылайык белгиленет.
Тарифте топтомдордон тышкары (негизги же кошумча) интернет берилбейт.

Чалууларды тарифтөө кадамы-10 сек.

Баалар салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн. 
 

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Бардык топтомдордун иштөө мөөнөтү-абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 30 күн.

Башка тарифтерге өткөндө топтомдун калдыктары күйүп кетет.

Тарифтик планга өтүү акысыз.

https://beeline.kg/ru/aidana