Биздин миссиябыз

Beeline – бул Сиз жана Сиздин жакындарыңыз үчүн үй-бүлөлүк оператор.

Биз, абоненттерибизге кам көрүү менен, алардын жашоосун жакшыртууга дайыма умтулабыз.

Биздин максатыбыз – бул алдыңкы катарда болуп, кардарларыбызга, алардын асанариптик технологиялар дүйнөсүнө болгон сапарында, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү биринчилерден болуп тартуулоо.

Beeline – бул кеңири жайылган тармак жана кызматтардын туруктуу сапаты. Beeline – бул баарлашууну абдан пайдалуу кылуучу ири кардардык база. Биз, жалпы үй-бүлө үчүн пайдалуу жана ар бир адамдын муктаждыгын канааттандырган өнүмдөрдү тартуулайбыз.

Компаниянын тарыхы

1998-жылдын 1-августунда, 1997-жылы негизделген «Бител» ЖЧКнун тармагында, Кыргызстандын GSM тармагындагы биринчи чалуу аткарылган.

2001-жыл – 2007-жылы Mobi брендине айланган MobiCard соода үлгүсү рынокко киргизилген.

2006-жыл – Бител брендинин астында көрсөтүлгөн мобилдик кызматтарды «Скай Мобайл» ЖЧК көрсөтө баштаган.

2009-жыл – компания, кызматтарын Beeline бирдиктүү эл аралык брендинин астында көрсөтө баштаган.

2010-жыл – «Скай Мобайл» ЖЧК, Кыргызстан, Россия, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Армения, Грузия, Алжир, Бангладеш жана Пакистанда үн байланыш, маалымат жөнөтүү жана кең тилкелүү интернет кызматтарын көрсөткөн VEON Ltd компаниялар тобунун курамына кирген.
 

Байланыш технологиялары

Бүгүнкү күндө, биздин компания, GSM-900/1800 жана WCDMA/UMTS 2100/900 (3G) жана LTE 800/1800/2100/2600 (4G) стандарттарында уюлдук байланыш кызматтарын сунуштайт.

2010-жылдын декабрь айында, биз, Кыргызстандын GSM-операторлорунун арасында биринчи болуп, үчүнчү муундагы 3G тармагын ишке киргизип, 2012-жылдын февраль айында, өлкөнүн бардык областтарына жайылтканбыз.

2016-жылдын май айында, Beeline, Кыргызстандын бардык аймактарында төртүнчү муундагы мобилдик тармакты, ал эми 2018-жылы, LTE-Advanced аттуу жаңы технологиясын ишке киргизген.

LTE-advanced технологиясы бир нече жыштыкты айкалыштырып, мобилдик интернеттин ылдамдыгын эки эсе жогорулатат.

«Скай Мобайл» ЖЧК (мындан ары – Компания), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде иш алып барат, адамдардын ден-соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеген коопсуз радио таркатуу шаймандарын колдонот. Ошондой эле, аккредитацияланган лабораториялардын жардамы менен, базалык станциялардын трансивердик жабдуулары жараткан электромагниттик талаалардын деңгээли дайыма көзөмөлгө алынат.

Компания, «Скай Мобайл» ЖЧКнун абоненттери үчүн байланыш кызматтарынын кеңири спектрин көрсөтүү үчүн, бардык талаптарды жана стандарттарды эске алуу менен, заманбап технологияларды колдонот. Компаниянын тармагында колдонулган бардык радио берүүчү шаймандар радио толкундарынын коопсуз нурлануусунун бардык параметрлерине жооп берет, жана алар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын уруксаттарынын негизинде колдонулат. Компаниянын жабдуулары дайыма мониторинг жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл алдында турат. Ошентип, Компания, «Скай мобайл» ЖЧКнун тармагында колдонулган радио берүүчү шаймандар адамдын ден-соолугуна жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбей тургандыгын тастыктайт.

Байланыш маалыматтары

Дарек: Бишкек ш., Ибраимов к. 115

Почталык индекси: 720021

«SkyMobile» компаниясынын кабылдамасы: +996 (775) 588 000 (иш тартиби: дүйшөмбү-жума 9:00-18:00, түшкү тыныгуу 13:00-14:00, ишемби жана жекшемби күндөрү дем алыш)

Байланыш борбору: *611 (Beeline’дын абоненттери үчүн), +996 (775) 58 0611 (О! жана Megacom’дун абоненттери үчүн).

Факс: +996 (312) 900 585

Е-mail: office@beeline.kg

ООО «Скай Мобайл» банк реквизиттери

Сом менен чегерүү үчүн:

Алуучу: ООО «Скай Мобайл»
Дарек: г. Бишкек, ул. Ибраимова 115
УККН: 999
ИНН: 02404200610104

Эсептешүү эсеби: 1092220118930181
БИК: 109022
Алуучунун банкы: Филиал ОАО «Оптима Банк» - «Центр обслуживания корпоративного бизнеса»,  г. Бишкек, ул. Исанова, 75 
Тел.: +996 (312) 90-59-59
Факс: +996 (312) 37-51-51
WhatsApp +996 (990) 90-59-59. 
web site: www.optimabank.kg
Төлөмдүн максаты: Эмне үчүн, эмнеге ылайык, эсеп-фактуранын номери, датасы

Эсептешүү эсеби: 1280010001137063
БИК: 128001
Алуучунун банкы: ЗАО "Кыргызский Инвестиционно-Кредитный Банк",
г. Бишкек, бульвар Эркиндик, 21 
Тел.: +996 312) 62 01 01
Факс: +996 312) 62 02 02
web site: www.kicb.net
Төлөмдүн максаты: Эмне үчүн, эмнеге ылайык, эсеп-фактуранын номери, датасы

Чет өлкөлүк валюталардын реквизиттери
 
https://beeline.kg/ru/aidana