close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Тариф

Бул үй-бүлө

3төн 6га чейин SIM-карталары камтылган

Чексиз интернет ар бир номерге

10 ГБ Wi-Fi таратуу үчүн ар бир номерге

Тармактан тышкары 20 мүнөт чалуулар ар бир номер үчүн

Чексиз чалуулар жана SMS тармак ичинде

Яндекс Плюс жазылуусу

790 c / 30 күн

Кошуу
Кененирээк

Тарифиңизди каалаган убакта башкарыңыз

Закрыть Открыть

Негизги SIM-карта үчүн жеткиликтүү буйруктар:
Тарифке өтүү/тарифтик топту түзүү: *222*11#;
Топтогу бардык мүчөлөрү үчүн пакетти мөөнөтүнөн мурда жаңыртуу: *2200#;
Топту жок кылуу: *222*0#;
Топко кошумча SIM-картаны кошуу: *222*01*абоненттик номер#;
Топтон кошумча SIM-картаны алып салуу: *222*02*абоненттик номер#;
Топтогу номерлердин тизмесин алуу: *222*3#;
Топтун мүчөсүнүн балансын жана калган пакеттерин текшерүү: *222*5*абоненттик номер#;
Негизги SIM-картаны башка номерге дайындоо менен топтон чыгуу (өтүнүч кошумча SIM-картага жөнөтүлөт): *222*09*абоненттик номер#.

Топтун бардык SIM-карталары үчүн жеткиликтүү буйруктар: 
Пакеттин калдыктарын текшерүү: *505#, *604# же Мой Beeline аркылуу.

«Бул үй-бүлө» тарифтик тобунда канча номер болушу мүмкүн жана бул абоненттик төлөмдүн баасына кандай таасир этет?

Закрыть Открыть

«Бул үй-бүлө» тарифтик тобуна 3төн 6га чейин SIM-карталар кирсе болот.
«Бул үй-бүлө» тарифинин базалык топтому 3 SIM-картадан турат: 1 негизги жана 2 кошумча.
3 сим-картадан турган базалык топтомдун баасы 30 күнгө 790 сом;
4 сим-картадан турган комплекттин баасы 30 күнгө 1040 сом;
5 сим-картадан турган комплекттин баасы 30 күнгө 1290 сом;
6 сим-картадан турган комплекттин баасы 30 күнгө 1540 сом.

«Бул үй-бүлө» тарифи качан жана кантип жаңыланат?

Закрыть Открыть

Бардык SIM-карталар үчүн тарифтин пакеттери абоненттик төлөм алынган күндөн тартып 30 күн бою берилет.
Башка тарифтерге өткөндө калган пакеттер күйүп кетет.
Тарифтин абоненттик төлөмү зарыл болгон сумма болгондо негизги SIM-картанын балансынан алынат. Кошумча кызматтар үчүн төлөм аларды пайдаланган SIM-картанын балансынан өзүнчө алынат.

Абоненттик төлөм алынбаса эмне болот?

Закрыть Открыть

•    Абоненттик төлөмдү алуу үчүн баланста каражат жетишсиз болсо, интернет жана чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болбойт.
•    Кирүүчү чалуулар, SMS и USSD-командаларына, ошондой эле ыкчам кызматтарга жана Beeline байланыш борборуна чыгуучу чалуулар жеткиликтүү болот.
Тарифиңиз боюнча абоненттик төлөмдү өз убагында төлөп, ар дайым байланышта болуңуз.
Топтомдордон тышкаркы баалар:
КРнын башка мобилдик операторлорунун номурларына чалуулар - 3 сом/мүн.;
КР катталган операторлорунун номурларына чалуулар - 5,85 сом/мүн.;
КРнын ичинде SMS -1 сом;
КР орнотулган операторлорунан 07755 жана 07759 префикстери менен түз номерлерге кирүүчү чалуулар-4,5 сом/мүн.; 
Эл аралык чалуулардын жана SMS наркы расмий баа тизмесине ылайык белгиленет.
Тарифте топтомдордон тышкары (негизги же кошумча) интернет берилбейт.
Чалууларды тарифтөө кадамы-10 сек.
Баалар салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн.

«Бул үй-бүлө» тарифтик тобуна номерди кантип кошууга болот?

Закрыть Открыть

Топко кошумча SIM-картаны кошуу: *222*01*абоненттик номер#.
Негизги SIM карта гана кошумча номерди кошо алат. Негизги топтомдон жогору ар бир кошумча SIM-карта үчүн кошумча төлөм 250 сомду түзөт. Кошулган SIM-карта үчүн тарифтин пакеттерин колдонуу мөөнөтү бүтүндөй «Бул үй-бүлө» тарифтик тобунун топтомдорунун колдонуу мөөнөтүнө барабар. Жаңы отчеттук мезгилден баштап «Бул үй-бүлө» тарифинин бардык тобу үчүн абоненттик төлөм кошулган SIM картаны эске алуу менен алынат.
Маанилүү: кошула турган номер 1 сааттын ичинде «Бул үй-бүлө тарифтик тобуна кошулууга макулдук бериши керек. Эгерде кошумча SIM-карта өз убагында жооп бербесе, негизги SIM-карта сурамды кайра жөнөтүшү зарыл.

Акысыз бонус тандап алуу мүмкүнчүлүгү

Закрыть Открыть

Негизги SIM-карта үчүн кошумча бонус жеткиликтүү, аны толугу менен акысыз кошуу же алмаштыруу мүмкүн.

«Дарыгер Online» кызматы кесипкөй дарыгерлердин онлайн консультацияларынын жеткиликтүүлүгунө күнү-түнү мүмкүнчүлүк берет. Адистер анамнезди чогултушат, өзгөчө маселелер боюнча кеңеш беришет жана бардык стандарттарды сактоо менен алдын ала корутунду чыгарышат

Өзүңүз үчүн  «Этномедиа» кыргыз тасмаларынын, телесериалдарынын жана мультфильмдеринин эң чоң онлайн-кинотеатрын ачыңыз

Укмуш TV — тиркемесинде түрдүү табит үчүн 200дөн ашык телеканалдарды акысыз көрүңүз!

«Яндекс Плюска» жазылуу

Закрыть Открыть

Тасмаларды жана сериалдарды акысыз көрүңүз, музыка жана подкасттарды угуңуз, электрондук китептерди окуңуз жана ыңгайлуу Yandex Go таксисине 10% арзандатуу менен буйрутма бериңиз.

Негизги топтом түгөнүп калган учурда

Закрыть Открыть

Тарифти мөөнөтүнөн мурда *2200# буйругу менен жаңыртса болот – буйрук негизги SIM-картадан аткарылат. Абоненттик төлөм алынат жана топтомдор калыбына келтирилет.
Балансыңызды толуктоодон мурун, абоненттик төлөм туура алынып, стандарттуу баа колдонулбашы үчүн мобилдик маалыматыңызды өчүрүүнү сунуштайбыз.

Эгер тариф боюнча тармактан тышкары мүнөттөр бүтсө, анда башка тармактарга чалуу учурунда сиз «Тармактан тышкары 5 мүнөт» пакетин 10 сомго аласыз. Эгерде баланста 10 сомдон аз болсо, анда башка тармактарга чалуулардын баасы 3 сом/мин түзөт.
•    Топтомдордун иштөө мөөнөтү - 24 саат. 24 саат өткөндөн кийин топтомдун калдыгы күйүп кетет;
•    Эгерде топтомдор чегерилген учурдан тартып 24 саат бүткөнгө чейин бүтсө же алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаса, сиз «Тармактан тышкары 5 мүнөт» топтомун кайрадан ала аласыз.
«Тармактан тышкары 5 мүнөт» топтомун берүүнү өчүрүү: *503*1#;
«Тармактан тышкары 5 мүнөт» топтомун берүүнү кошуу: *503*0#.

«Тармактан тышкары 5 мүнөт» топтомдорун эсептөө үчүн каражаттар тармактан тышкары мүнөттөр бүткөн номердин балансынан алынат.

Кошумча маалымат

Закрыть Открыть

Тариф акциянын алкагында кошулат жана 01.04.2026-жылга чейин жеткиликтүү.

Бардык абоненттердин интернетке сапаттуу жана ыңгайлуу жетүүсүн камсыз кылуу үчүн тармактын жүктөмү көп болгон сааттарда трафикти) адилеттүү пайдалануу саясаты - Fair Usage Policy (FUP) колдонулат.
Эгер абоненттик төлөмдү акыркы жолу алган күндөн тартып абонент интернет-трафиктин өтө чоң көлөмүн сарптаса, система абоненттик төлөмдү кийинки жолу алганга чейин интернетке кирүү артыкчылыгын автоматтык түрдө азайтат. Бул тармактын тыгынын болтурбоого жардам берет жана бардык абоненттерге ыңгайлуулукту камсыз кылат. 
Интернет-трафиктин өтө чоң көлөмүн сарптаган абоненттерди система керектелген интернет-трафиктин көлөмүнө, базалык станциянын жүктөмүнө, сутканын убактысына жана активдүү абоненттердин санына жараша автоматтык түрдө аныктайт.
Тариф боюнча кезектеги абоненттик төлөмдү эсептен чыгарганда же кошумча интернет топтомдорду сатып алууда Интернетке кирүү артыкчылыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет.
FUP негизги артыкчылыгы - тармактын ресурстарынын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүлүшү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыктын берилиши болуп саналат.
P2P (торрент) жана FTP файлдарды алмашуу тармактарынан жүктөө ылдамдыгы чектелген.

https://beeline.kg/ru/aidana