close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын Beeline'дан «Укмуш ТВ» тиркемеси аркылуу тосуп алыңыз

2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын Beeline'дан «Укмуш ТВ» тиркемеси аркылуу тосуп алыңыз

Быйылкы жылдын эң күтүлгөн спорттук иш-чарасы башталуу алдында! 11-июндан 12-июнга караган түнү, жергиликтүү убакыт боюнча саат 01:00дө, биз 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи матчын көрө алабыз: Мексика курама командасы Түштүк Африка курама командасы менен ойнойт. Болуп көрбөгөндөй турнирдин атмосферасын биринчи мүнөтүнөн баштап сезиңиз!

Футбол жайы ысык болору күтүлүүдө. Алдыда жаркын беттештер, легендарлуу каршылашуулар, күтүлбөгөн бурулуштар, даңктуу жеңиштер жана күчтүү толкундануулар күтүп турат. Сүйүктүү командаларыңызды колдоого даярсызбы? Beeline улуттук мобилдик оператору сиздин эң күтүлгөн беттештерди өткөрүп жибербешиңизди камсыз кылды. 

Beeline Кыргызстанда интернет жана мобилдик технологиялар аркылуу өлкө аймагында 2026-жылкы FIFA футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүү медиаукугуна ээ болгон биринчи байланыш оператору болду. 

Эми 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын беттештерин телевизордон гана эмес, смартфондон да көрүүгө болот. Бул үчүн App Store же Google Play'ден Beeline'дын «Укмуш ТВ» мобилдик колдонмосун жүктөп алыңыз. Дал ушул жерде, «Kyrgyz Sport TV (FIFA 2026)» телеканалында, сизди 2026-ДЧнын бардык беттештеринин түз көрсөтүүлөрү күтөт. 

«Укмуш ТВ» менен  сиз жагдайларга байланбайсыз:
•    Кайда болбоңуз – үйдө, жолдо же иш аралыгында ыңгайлуу жерден окуялардын өнүгүшүнө көз салыңыз. 
•    Матчтарды смартфонуңуздан, планшетиңизден, компьютериңизден же Smart TVден көрүңүз. Бир эле учурда 5 түзмөккө чейин туташтырыңыз. 
•    Маанилүү учурларды артка түрүп, кайрадан көрүңүз. 
•    Ал эми алдыдагы оюндардан дайыма кабардар болуу үчүн эскертмелерди орното аласыз. 

«Укмуш ТВ» тиркемесин биринчи жолу жүктөп алганыңызда сизге 7 күн акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгү берилет, андан кийин – суткасына 3 сомдон башталат.

Кошумча чыгымдарсыз колдонуу жолу да бар. «Безлимит Pro Max», «Укмуш AI» жана Бонусканасы бар айлык тарифтеринин Beeline абоненттери «Укмуш ТВ» жазылуусун акысыз колдоно алышат – тиешелүү бонусту активдештирүү гана керек. 

Жылдын башкы спорттук окуясын өткөрүп жибербеңиз! Кайда болбоңуз – ыңгайлуу орун алып, «Укмуш ТВ» тиркемесинен 2026-ДЧны көрүңүз. 

Beeline — оператордон да артык.

«Укмуш ТВ» кызматынын алкагындагы телеканалдар, мазмун жана контент «Стрим Плюс» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт (КР МАС №21-0482-КР лицензиясы). 

https://beeline.kg/ru/aidana