close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Чогуу тазалык үчүн: Элдик Банк менен Beeline Бишкекте ишембилик өткөрүштү

Чогуу тазалык үчүн: Элдик Банк менен Beeline Бишкекте ишембилик өткөрүштү

Сентябрдын ар үчүнчү ишембисинде Кыргызстанда Улуттук тазалык күнү белгиленет. Бул дата «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» экологиялык демилгесине туш келип, айлана-чөйрөгө кам көрүү жөнөкөй кадамдардан башталаарын эскертет: коомдук жерлерди тазалоо жана жаратылышты коргоо. 

Адаттагыдай эле, Элдик Банк жана Beeline Кыргызстан ушул масштабдуу демилгеге кошулуп, ESG принциптерине жана туруктуу өнүгүүгө терең умтулушкандыгын ырасташты. 

20-сентябрда Бишкекте өткөн ишембиликке банктын жана уюлдук оператордун 100гө жакын кызматкери чыкты. Ата-энелери менен бирге кичинекей катышуучулар да шаардын тазалыгын сактоо боюнча маанилүү миссияга өз салымын кошушту. 

Элдик Банк жана Beeline командасы Шабдан Баатыр проспекти менен Лермонтов көчөсүнүн кесилишиндеги, суунун боюндагы аймакты иретке келтиришти. Бир нече сааттын ичинде 100 мүшөк таштанды чогултулду. Бул ишембилик аркылуу биз шаардын тазалыгына салым кошуп, командалык духубузду жана ынтымагыбызды бекемдөө үчүн эң сонун мүмкүнчүлүккө ээ болдук. 

«Улуттук тазалык күнү – бул экология жана өлкөнүн келечеги биздин милдетибиз экенин жеке өрнөгүбүз менен көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк. Кыргызстандын бизнес коомчулугу бул демилгени активдүү колдоп жатканына кубанычтабыз», – деп белгилешти уюштуруучулар. 

Элдик Банк менен Beeline Кыргызстан биргелешип, ESG стратегиясын ырааттуу түрдө илгерилетишип, айлана-чөйрөгө, социалдык маселелерге жана корпоративдик башкарууга өзгөчө көңүл бурушат. Жылдык экологиялык акцияга бирге катышып, ишканалар дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү мүмкүн экенин көрсөтүштү.
 

https://beeline.kg/ru/aidana