close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Дарыгерлер менен онлайн консультациялар үчүн бекер бонусту кошуңуз

Дарыгерлер менен онлайн консультациялар үчүн бекер бонусту кошуңуз

Ден соолугуңузга кам көрүү мындан да оңой болуп калды: Beeline Бонусканадагы «Дарыгер Online» кызматы эми таптакыр бекер! Квалификациялуу дарыгерлерден онлайн консультацияларды тез жана оңой алыңыз.

«Дарыгер Online» менен сиз клиникага барууга жана  кезек күтүүгө убакыт коротпойсуз. Бишкек жана Москванын тажрыйбалуу медициналык адистери суроолоруңузга каалаган убакта жана сизге ыңгайлуу форматта — чат, аудио же видео чалуу аркылуу жооп беришет.

Сиз ден соолугуңуз жана оорунун алдын алуу боюнча алгачкы консультацияларды, тесттин жыйынтыктарын чечмелөөдө жардамды же диагнозуңуз боюнча «экинчи пикирди» ала аласыз. Кууш адистиктеги  дарыгерлерден  консультацияларды алуу жана жалпы практикалык дарыгердин күнү-түнү тез жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар.

Кызмат Бонусканa менен тарифтерде бекер бонус катары жеткиликтүү. Аны кантип колдонуу керек:

1. «Мой Beeline» тиркемесине өтүңүз.

2. Бонусканадагы «Дарыгер Online» бонусун кошуңуз.

3. App Store же Play Market’тен «Дарыгер Online» тиркемесин жүктөп алып, авторизациядан өтүңүз.

Даяр — эми сиз дарыгерди, консультация алуучу күндү жана убактысын тандоо менен онлайн жолугушууга жазыла аласыз. Ден соолукта болуңуз!

Бул мүмкүн! Бул Beeline!
https://beeline.kg/ru/aidana