close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Жылдын мыкты башталышы: Beeline Бишкекте жана аймактардагы тармактын сапатын жакшыртат

Жылдын мыкты башталышы: Beeline Бишкекте жана аймактардагы тармактын сапатын жакшыртат

Жылдын биринчи жумалары өзгөчө жооптуу, анткени мына ушул жумадан баштап  мындан аркы иштин ыргагы белгиленет. Beeline Кыргызстан уюлдук оператору 2025-жылды байланышты дагы туруктуу, ал эми интернетти тезирээк кылуу үчүн тармакты активдүү өнүктүрүү менен баштады.  

Январь жана февраль айынын башында компания өлкөнүн ар кайсы бурчтарында 80ге жакын базалык станцияларды орнотуп, кеңейткен. Бул мобилдик интернеттин ылдамдыгын жана үн байланышынын сапатын бир кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берди.

•    Жалал-Абад областында  Beeline тармакты модернизациялоо боюнча  масштабдуу иш жүргүздү. Жалал-Абад шаарынын өзүндө жыйырмадан ашык базалык станция жакшыртылды, бул шаардык аймагында дагы жакшыраак сапаттуу байланышты камсыз кылат.   
Жакшыртуу региондун башка калктуу конуштарын да камтыды: Абдраимов, Жаңы-Акман, Арстанбап, Гелеген, Кызыл-Ай, Арал, Сакалды, Сафаровка, Бек-Абад, Бостон, Жийде, Жаңы-Ачы, Орто-Азия, Сузак, Кулбай уулу, Багыш, Жоон-Күңгөй, Курулуш айылдары жана Көк-Жаңгак шаары. 
•    Ош областында компания Бел, Жал, Жаңы-Ноокат, Көк-Бел, Кара-Таш, Кыргыз-Чек, Коңурат, Карл Маркс атындагы айылдарда, Жаңы-Кызыл-Суу, Жаңы-Турмуш, Дыйкан-Кыштак, Ташлак, Куршаб, Эркин, Кызыл-Абад айылдарындагы жана Кара-Суу шаарындагы базалык станцияларды модернизациялады.  
Ош шаарында жаңы базалык станцияларды орнотуу жана учурдагы инфраструктураны жакшыртуу менен шаардын эл көп жүргөн райондорунда байланыштын сапаты кыйла жогорулады.
•    Баткен областында модернизация Паскы-Арык, Пүлгөн, Кыргыз-Кыштак, Кызыл-Коргон, Өтүкчү, Интернационал айылдары жана Сүлүктү шаарын камтыды. 
•    Бишкекте дагы абоненттер жогорку жүктөм маалында да туруктуу байланышты жана тез интернетти колдоно алышы үчүн  тармакты жакшыртуу боюнча иштер уланып жатат.

Келе жаткан жылы Beeline Кыргызстан өлкө боюнча базалык станцияларды модернизациялоо жана орнотуу менен тармакты өнүктүрүүгө инвестициялоону улантат. Биз абоненттерибизге байланышты жана санариптик сервистерди максималдуу ыңгайлуу пайдалануу үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз.

Бул мүмкүн! Бул Beeline!
 
https://beeline.kg/ru/aidana