Айрым мамлекеттик жана коомдук кызматтардын кыска номерлерине багытталган чыгуучу чалуулардын тарифтештирүүсүнө өзгөртүүлөр киргизилгендиги тууралуу маалымдайбыз.
2026-жылдын 26-июнунан тарта, төмөнкү номерлерге чалуулар акысыз болот:
• 1240 – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын байланыш борбору; тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын жана жарандарды бажы жана көзөмөл маселелери боюнча консультациялоо.
• 1210 – Кыргыз Республикасынын Суу чарбасы, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин байланыш борбору; дыйкандарды жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо.
• 1229 – Кыргызстандын профсоюздар федерациясынын ишеним линиясы; эмгек укуктары боюнча акысыз консультациялар.
Кошумча маалымат алуу үчүн Beeline'дын байланыш борборуна *611 номери аркылуу кайрылыңыздар.