close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

ИМТда телефондорду милдеттүү түрдө каттоо жөнүндө: телефондун бардык IMEI коддорун кантип каттоого болот

ИМТда телефондорду милдеттүү түрдө каттоо жөнүндө: телефондун бардык IMEI коддорун кантип каттоого болот

Урматтуу абоненттер, 2024-жылдын 25-июнунан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондордун IMEI коддорун Идентификациялоонун мамлекеттик тутумунда (ИМТ) милдеттүү түрдө каттоо киргизилгендигин эскертебиз. Ошол эле учурда, эки SIM-картасы жана eSIM колдоосу бар түзмөктөрдө бир нече IMEI коддору бар, алардын ар бири өзүнчө катталат. 

Эгерде Сиз экинчи SIM-картанын слотун же eSIMди 2024-жылдын 25-июнунан кийин биринчи жолу активдештирген болсоңуз, анда IMEI коддорун 30 күндүн ичинде катташыңыз керек, болобосо алар бөгөттөлүп, Кыргызстандын уюлдук операторлорунун түйүндөрүндө иштебейт. Каттоону ИМТ тарабынан идентификациялоонун оператору жүргүзөт.

Түзмөгүңүз үчүн кошумча IMEI коддорун, анын ичинде eSIMди каттоо үчүн support@imei.kg  электрондук дарегине төмөнкү маалыматты жөнөтүңүз:

•    Түзмөгүңүздүн бардык IMEI коддорун көргөзүңүз. Бул уникалдуу 15 орундуу номер-идентификаторлор, аларды телефондун кутучасында, анын корпусунда же алынуучу батарея чаптамасында табууга болот, же *#06# буйругу менен текшерүүгө болот.
•    IMEI коддору менен телефонуңуздун экранынын скриншотун кошуңуз. Бул үчүн *#06# буйругун терип, скриншотту тартып, аны катка тиркөө керек.

Ошондой эле телефондорду сатуучулар жана жеткирүүчүлөр КР түзмөктөрдү алып келүүдө IMEI коддорун ИМТда каттоого милдеттүү экенин эскертебиз. Кыргызстандын соода түйүндөрүнөн телефондорду сатып алууда этият болуңуз жана IMEI коддорунун каттоо абалын төмөнкү жолдордун бири менен текшериңиз:

- «Мой Beeline» тиркемесинде («Дагы» өтмөгүнө өтүп, «IMEI кодун текшерүүнү» тандаңыз),
- Beeline’дын сайтында, 
- www.imei.kg сайтында 
- *5656# буйругу менен.

Эгер Сиз катталбаган телефонду сатып алган болсоңуз, аны сатып алган жерге кайрылыңыз. Кошумча IMEI-коддорду (экинчи слот, eSIM) жогорудагы көрсөтмөлөргө ылайык өз алдынча каттоого болот. Каттоодон өтпөгөн телефондор Кыргызстандын каалаган уюлдук операторунун тармагына кошулгандан кийин 30 күндөн кийин иштебей калат.
 

https://beeline.kg/ru/aidana