2026-жылдын 20-июлунан баштап, «Яндекс Плюс» жазылуусу Beeline'дын опциясы катары жеткиликтүү болбой калат. Кызмат тарифтердин курамынан жана «Бонускана» менен «СуперКүч» бонустук программаларынан алынат.
Эгер жазылуу 2026-жылдын 20-июлуна чейин активдештирилген болсо, анда ал тариф боюнча топтомдордун жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин иштей берет. Жарактуулук мөөнөтү аяктаган соң, жазылууну Beeline'дын тарифтик опциясы же бонусу катары жаңыртуу мүмкүн болбой калат.
Биз сунуштарыбыздын актуалдуулугун сактап, жаңы функцияларды сунуштоо максатында аларды кайрадан карап турабыз. Beeline тарифтерди жана кызматтарды өнүктүрүп, аларды күнүмдүк байланыш, интернет жана санариптик кызматтар үчүн пайдалуу кылуу иштерин уланта бермекчи.