close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline бүт үй-бүлө үчүн көңүл ачуу дүйнөсүнө медиапортал ачты

Beeline бүт үй-бүлө үчүн көңүл ачуу дүйнөсүнө медиапортал ачты

Балдар үчүн кызыктуу жана пайдалуу мазмун издеп жатасызбы? Конокторуңузду кулинардык шедеврлер менен таң калтыргыңыз келеби? Англис тили боюнча билимиңизди жогорулатууну же гитарада ойногонду үйрөнүүнү кыялданасызбы? Beeline менен баары мүмкүн! Сиздерге уникалдуу жаңылыкты — ар бир адам өзүнө кызыктуу нерсе таба турган медиапорталды кубаныч менен тартуулайбыз.

Beeline медиапорталы бир заматта сизди жаңы мүмкүнчүлүктөр дүйнөсүнө алып барат. Сизге жана үй-бүлөңүзгө эмне керек болсо, ошону тандаңыз:

•    Билим берүү материалдары — англис тилин, сүрөт тартуу өнөрүн жана гитарада ойноонун негиздерин терең мазмундуу жана түшүнүктүү видео сабактар менен үйрөнүңүз;
•    Жаңылыктар жана гороскоптор — болуп жаткан окуялардан кабардар болуп, алдыда эмне болорун билип алыңыз.
•    Мультфильмдер — жомок каармандарынын жоруктары сиздин балдарыңызга жаркын тажрыйба жана жаңы ачылыштарды берет.
•    Кулинардык рецепттер жана туура тамактануу боюнча кеңештер — даамдуу, пайдалуу жана адаттан тыш тамактарды даярдаңыз.
•    Жакындарыңызды күлдүрүү үчун жаңы анекдоттор, таң калтыруу үчүн сезимдерди оригиналдуу билдирүүлөр жана башка көптөгөн жаңы идеялардын булагын табыңыз.

Мазмунду бир эле учурда беш түзмөктөн көрүүгө болот. Ал эми трафикти нөлгө түшүрүүнүн натыйжасында тариф боюнча интернет-топтомуңуз түгөнсө дагы медиа портал жеткиликтүү болот. 

Веб-сайтка кирүү үчүн media.beeline.kg сайтына катталып, билим, көңүл ачуу жана илхам дүйнөсүнө порталыңызды ачыңыз!

Бул мүмкүн! Бул Beeline!
 
https://beeline.kg/ru/aidana