close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

«Перекрёсток» кантип Beeline Business менен кардарларды тейлөө тажрыйбасын жакшыртты

«Перекрёсток» кантип Beeline Business менен кардарларды тейлөө тажрыйбасын жакшыртты

«Перекресток» автоборбору Beeline компаниясынын инновациялык чечимин — FMC (Fixed Mobile Convergence) «Виртуалдык АТСти» ишке киргизди. Бул өзгөртүүлөр кардарларды тейлөө стандарттарын жана кызматкерлердин натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берди.

Beeline Business «Виртуалдык АТСи» — бул компанияда телефонияны уюштуруунун жөнөкөй жана ыңгайлуу жолу. Кызмат бирдиктүү көп каналдуу номерге чалууларды кабыл алууга, аларды бош кызматкерлерге бөлүштүрүүгө, кардарлар менен байланышты жазууга, кабыл алынбай калган чалууларды байкоого алууга, добуштук саламдашууну кошууга жана статистиканы жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

«Перекрёсток» автоборборунан байланыш борборунун жетекчиси Елена Давыдованын билдиргендей, жаңы өнүм ички байланышты уюштуруудагы чыныгы жаңылык болуп калды:

— Мурда бөлүмдөрдүн ортосундагы ишти координациялоо жана кардарлардын чалууларына кечиктирбей жооп берүү кыйыныраак болчу. Beeline Businessтен FMC «Виртуалдык АТС» кызматын ишке ашыруу бизге бул көйгөйлөрдү чечүүгө, ички телефон линияларын борборлоштурууга жана жайгашкан жерине карабастан кызматкерлер менен тез байланышты камсыз кылууга жардам берди. Азыр ар бир чалуу тез жана сапаттуу иштетилет, бул биздин кардарлардын ишеним деңгээлин олуттуу жогорулатты. Тутумду башкаруунун ийкемдүүлүгү жана жеңилдиги, ошондой эле туруктуу байланыш сапаты өзгөчө бааланат.

Beeline Business инновациялык өнүмү төмөнкүлөргө жардам берет:

•    чалуулардын агымын натыйжалуу башкаруу жана кардарларга өз убагында кайра чалууга; 
•    кызматкерлердин жүгүн, жооп берүү убактысын жана линиянын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн талдоого; 
•    жөнөкөй жана интуитивдик интерфейси менен кызматкерлердин убактысын үнөмдөөгө; 
•    үзгүлтүккө учуратпастан жана маалыматты жоготпостон ички жумушчу программалар менен интеграцияны камсыз кылууга;
•    тейлөө сапатын жакшыртуу аркылуу кардарлардын лоялдуулугун жогорулатуу.

— Биздин чечимибиз — «FMC кызматы менен виртуалдык АТС» — «Перекрёсток» автоборборуна коммуникация жана кардар сервисинде жаңы бийиктиктерге жетүүгө жардам бергенине кубанычтабыз, — деп белгиледи Beeline корпоративдик сатуулар бөлүмүнүн башчысы Амир Курманов. — Азыркы шартта бизнес үчүн мүмкүн болушунча мобилдүү жана ыкчам болуу маанилүү жана биздин өнүмдөр дал ушул үчүн түзүлгөн. Биз кардарларыбызды бизнести натыйжалуу жана ыңгайлуу кылган инновациялык чечимдер менен колдоону улантабыз.
 

https://beeline.kg/ru/aidana