close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Бишкек жайды Chill Zone Beeline менен кантип тосуп алды

Бишкек жайды Chill Zone Beeline менен кантип тосуп алды

Жайлуу кечтер, шыктандырган жолугушуулар, музыка, кино жана чексиз чыгармачылык – ушунун баары Chill Zone Beeline’дын аркасында мүмкүн болуп калды. «Ынтымак-2» паркындагы эс алуу жана көңүл ачуулар үчүн акысыз мейкиндик өз ишин аяктады, аны менен бирге көпчүлүктүн эсинде абдан жылуу жана унутулгус таасирлерди калтырды.     

Үч жума аралыгында Chill Zone Beeline каалоочулардын бардыгын кабыл алды жана меймандарды дайыма жаңы нерселер менен кубандырып турду. Көпчүлүктүн эсинде баарынан көп эмне калды?   

  •  Укмуштуудай ачылышы, анда баарынын сүймөнчүктүү популярдуу артист AIHAN чыкты; 
  •  Көчө музыканттарынын аткаруусунда атмосфералык композициялар;
  •  Ачык асман алдындагы кино кечелер — «Этномедиа» онлайн-кинотеатрынын, «Чебер Production» жана BAGYT production студияларынын ата мекендик тасмалары менен; 
  •  Жаш сүрөтчүлөр жаркын сүрөттөрдү жараткан балдар үчүн сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар; 
  •  Beeline компаниясынан сынактар жана оюндар; 
  •  Chill Zone Beeline ачык аянтчасынын жаркын жабылышында өзүнүн хиттерин аткарган атайын конок Freeman 996нын концерти;
  •  Ошондой эле ачык абада оюндар, эс алуу үчүн ыңгайлуу аянтча жана «Твой заряд» өнөктөшүнөн кубаттоочу станциялар.

Бул жылуу кечтерди биз менен бирге өткөргөндөрдүн баарына ыраазычылык билдиребиз. Chill Zone сиздер менен коштошот, ал эми биз Бишкек үчүн гана эмес, аймактар үчүн да жаңы долбоорлорду даярдап жатабыз. Биздин жаңылыктарды байкап туруңуздар! 

Chill Zone Beeline'дын жабылышындагы эң сонун учурлар шилтеме аркылуу жеткиликтүү. Сүрөттөрдүн арасынан өзүңүздөрдү издеңиздер, эскерүүлөрүңүздөр менен бөлүшүп, жайкы маанайды узакка сактаңыздар!

Бул мүмкүн. Бул Beelinе.
 
https://beeline.kg/ru/aidana