close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Күзгү апгрейд: Beeline тармагынын сапаты дагы жакшырды!

Күзгү апгрейд: Beeline тармагынын сапаты дагы жакшырды!

Күзүндө маанайды эмне көтөрөт? Сүйүктүү музыка, кызыктуу тасмалар, жылуу таасирлер, кымбаттуу адамдар менен баарлашуу. Бул жөнөкөй кубанычтардан Beeline’дан ишенимдүү уюлдук байланыш жана тез мобилдик интернет аркылуу ырахат алыңыз!

Beeline Кыргызстан мобилдик оператору байланышты ыңгайлуу кылуу жана интернетти дагы тездетүү үчүн өз тармагын өркүндөтүүнү улантууда. Сентябрь айында компания өлкөнүн ар кайсы аймактарында 40ка жакын базалык станцияларды орнотту жана жаңыртты. Жаңыртуулар жана жакшыртуулар төмөнкү аймактарды камтыган:

•    Баткен облусу: Ак-Турпак, Сай, Кескен-Таш, Калтак а.;
•    Ош облусу: Баш-Булак, Арык-Бою, Жеке-Мисте, Кара-Кулжа, Куршаб, Кызыл-Булак, Ак-Терек, Бакмал, Нарай, Ылай-Талаа, Гулбахор, Жаңы-Арык, Кашка-Суу, Мангыт, Сары-Могол а.;
•    Жалал-Абад облусу: Алма, Бек-Абад, Жаңы-Ачы, Жазгак, Кызыл-Октябрь, Эски-Масы, Тотия, Каду, Багыш, Бек-Абад, Бешик-Жон, Чаңгыр-Таш, Гелеген, Көк-Жаңгак, Масы а., Базар-Коргон ш.;
•    Бишкек, Талас жана Каракол шаарлары.

4G тармагын масштабдуу модернизациялоо чоң шаарларда да, алыскы айылдарда да тармактын сапатын жакшыртты. Beeline кыргызстандыктар жакындары менен байланышта болуп, интернетти жогорку ылдамдыкта колдоно алышы үчүн инфраструктураны өнүктүрүүгө инвестициялоону улантууда.
 

https://beeline.kg/ru/aidana