close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Тез чалуу, таза үн: VoLTE жаңы технологиянын артыкчылыктарын баалаңыз

Тез чалуу, таза үн: VoLTE жаңы технологиянын артыкчылыктарын баалаңыз

Beeline алдыңкы VoLTE (Voice over LTE) технологиясын киргизүү менен абоненттеринин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда. Ал 4G/LTE тармагы аркылуу үн чалууларды жасоого мүмкүндүк берет, чалуулардын жогорку сапатын жана көптөгөн кошумча артыкчылыктарды камсыз кылат.

VoLTE негизги артыкчлыктары — төмөнкүлөр:

-    Ашыкча ызы-чуусу жана тоскоолдуктары жок эң сонун таза үн,
-    Тез чалуу,
-    Жогорку ылдамдыктагы 4G интернетин чалуу учурунда да колдонуу мүмкүнчүлүгү,
-    Акысыз колдонуу.

VoLTE технологиясы Xiaomi, Huawei, Honor, Oppo, Vivo жана башка кытайлык өндүрүүчүлөрдүн смартфондорунун жана iPhone ээлери үчүн жеткиликтүү. Кызмат автоматтык түрдө кошулат – жөнөкөй нускамаларды аткарып, смартфондун жөндөөлөрүнө VoLTE туташтыруу гана керек:

•    IPhone үчүн: Жөндөөлөр – Уюлдук байланыш – Маалымат параметрлери – Үн жана маалымат – VoLTE чалуулары 
•    Xiaomi үчүн: ##86583## буйругун териңиз. Жөндөөлөр – SIM-карталар жана мобилдик тармактар – VoLTE Чалуулары
•    Huawei үчүн: Жөндөөлөр – Зымсыз тармактар – Мобилдик тармак –VoLTE Чалуулары
•    Honor үчүн: Жөндөөлөр – Мобилдик тармак – SIM1/2 Маалыматтарды мобилдик өткөрүп берүү –VoLTE Чалуулары
•    Oppo үчүн: Жөндөөлөр – SIM1/2 Мобилдик тармагы – VoLTE Чалуулары
•    Vivo үчүн: Жөндөөлөр – Тармак жана интернет – Мобилдик тармак – SIM-карталар жана мобилдик тармактар – SIM1/2 – VoLTE Чалуулары

VoLTE технологиясы жөнүндө кененирээк маалымат менен бул жерден таанышса болот. Beeline менен бирге эң жогорку сапаттагы үн байланышынан ырахат алыңыз!

https://beeline.kg/ru/aidana