close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline жеткирүүчүлөр үчүн сатып алуулар боюнча билим берүү курсун ишке киргизет

Beeline жеткирүүчүлөр үчүн сатып алуулар боюнча билим берүү курсун ишке киргизет

Кыргызстандын улуттук мобилдик операторy Beeline Sky Lab'дын жаңы билим берүү программасын — «Сатып алууларга кантип катышуу керек» практикалык курсун ишке киргизет. Ал компаниянын келечектеги жана учурдагы өнөктөштөрүнө Beeline'дын сатып алуу жол-жоболорун жакшыраак түшүнүүгө жана ишенимдүү, өз ара пайдалуу кызматташтыкты курууга жардам берет.

Курстун катышуучулары төмөнкүлөрдү билишет:

— сатып алуулардын бүтүндөй процесси кантип жүрөт — муктаждык пайда болгондон тартып келишимге кол коюуга чейин;
—  жеткирүүчүлөргө кандай талаптар жана тандоо критерийлери колдонулат;
— катышуучуларды жеңиштен ажыратуучу каталар кайсылар жана аларды кантип болтурбоо керек.

Ошондой эле окутуу учурунда компаниянын адистерине  кызыктырган суроолорду түз берүү мүмкүнчүлүгү бар.

Кимдер катышса болот:

· Beeline менен кызматташтыкты карап жаткан компаниялар.
· Сатып алууларга буга чейин катышып жүргөн, бирок өзүн ишенимдүүрөк көрсөтүп, жеңүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну каалаган жеткирүүчүлөр.

Биз түшүнүктүү жана ачык-айкын эрежелер натыйжалуу өнөктөштүктү курууга жардам беребиз деп ишенебиз. Ошондуктан сатып алуулар жөнүндө билүү керек болгон бардык нерсени ачык жана расмий эмес түрдө бөлүшүүгө даярбыз.

Окутуу өтүүчү күн жана форматы жакында жарыяланат. Катышууга арыз берүү үчүн азыртан кайрылсаңыз болот: skylab@beeline.kg.

Кошулуңуз жана Beeline'дын ишенимдүү өнөктөштүк тармагынын бир бөлүгү болуңуз!

https://beeline.kg/ru/aidana