close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline жасалма интеллектке чексиз трафиги бар «Укмуш АI» жаңы технологиялык тарифти сунуштайт

Beeline жасалма интеллектке чексиз трафиги бар «Укмуш АI» жаңы технологиялык тарифти сунуштайт

Жасалма интеллект күнүмдүк маселелерди тез, оңой жана натыйжалуу чечүүгө жардам берип, жашообузга бекем кирди. Эми элестетиңиз, сиз сүйүктүү нейротармактарыңызды интернет-пакетиңизди коротпостон каалаганыңызча колдоно аласыз. Бул ишке ашуусу үчүн, Beeline мамлекеттик мобилдик оператору жасалма интеллект кызматтарына чексиз трафик менен «Укмуш АI» жаңы технологиялык тарифин түздү. 

Бир тарифте тез интернет, баарлашуу эркиндиги жана жаңы муундун технологиялары бириккенде, эң укмуштуу мүмкүнчүлүктөр ачылат. «Укмуш АI» заман менен тең жарышып, санарип дүйнөнүн артыкчылыктарын активдүү колдонгондор үчүн түзүлгөн. 

30 күнгө болгону 500 сомго «Укмуш АI» тарифи төмөнкүлөрдү камтыйт: 
•    Жумуш, көңүл ачуу жана сүйүктүү тиркемелер үчүн 80 ГБ мобилдик интернет. 
•    Популярдуу AI кызматтарына чексиз интернет — Gemini, ChatGPT жана DeepSeek. 
•    Ар кандай түзмөктөрдө онлайн болуу үчүн Wi-Fi'ды чексиз бөлүштүрүү. 
•    Тармак ичинде чексиз чалуулар жана SMS. 
•    КРнын башка мобилдик тармактарына чалуу үчүн 60 мүнөт берилет: MEGA («Альфа Телеком» ЖАК) номерлерине – 40 мүнөт, O! («НУР Телеком» ЖЧК) номерлерине – 20 мүнөт. 
•    «Укмуш TV» — ар дайым колуңузда болгон 50 телеканал. 
•    Бонусканадан сиз тандаган 3 акысыз бонус — кошумча пакеттерден баштап пайдалуу кызматтарга жазылууга чейин. 

«Укмуш AI» тарифи оператордун сатуу жана тейлөө кеңселеринде жаңы SIM-карта коштуруп алгандар же «Мой Beeline» аркылуу eSIM'ди активдештиргендер үчүн гана жеткиликтүү. Эгер Сиз учурда Beeline'дын абоненти болуп, «Бул 100 GB», «Бул 250 GB» же «Чексиздик ай» тарифтерин колдонсоңуз, анда сизди жаңы «AI үчүн чексиздик» бонусу күтөт. Аны «Мой Beeline» тиркемеси аркылуу акысыз активдештирип, Gemini, ChatGPT жана DeepSeek жасалма интеллект кызматтары үчүн чексиз интернетке ээ болуңуз.

Байланышта болуңуз, заманбап жасалма интеллект технологияларын колдонуңуз жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдөн шыктаныңыз.

Beeline — оператордон дагы артык.

https://beeline.kg/ru/aidana