close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline Кыргызстан Нарынды акысыз Wi-Fi менен камсыздоого жардам берди

Beeline Кыргызстан Нарынды акысыз Wi-Fi менен камсыздоого жардам берди

Нарында уникалдуу «Смарт-Нарын-24» аттуу долбоор башталып, шаардын тургундары жана коноктору коомдук жерлерде интернетти акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Долбоор Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын областындагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты, Нарын шаарынын мэриясы, Борбордук Азия университети, «Скайнет Телеком» жана Beeline Кыргызстан («Скай Мобайл» ЖЧКсы) уюлдук оператору менен биргеликте ишке ашырылды.

Beeline Кыргызстан шаардын негизги коомдук жерлеринде (парктарда, аллеяларда, аянттарда, борбордук базарда, ооруканада, драмтеатрда ж.б.) 20 акысыз Wi-Fi түйүндөрүн орнотууга жардам берди.

«Beeline Кыргызстан өзүнүн миссиясын аткарууну улантууда — технологияларды жалпыга жеткиликтүү кылуу», – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Александр Атаманов. – Акысыз Wi-Fi түйүндөрү Нарын шаарынын элине жакындары менен байланышта болуу, билим алуу, пикир алмашуу жана жашоолорун жакшы жакка өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо аркылуу көп пайда алып келет деп ишенем».

«Смарт-Нарын-24» долбоорунун аркасында Нарын шаарынын тургундары жана коноктору баарлашуу, иштөө жана окуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушту. Ийгиликтүү ишке ашырылган долбоор Нарын шаарын дагы да ыңгайлуу жана заманбап шаарга айлантууга, санариптик теңсиздикти жоюуга жана аймакты санариптештирүү процессин тездетүүгө жардам берет.
 

https://beeline.kg/ru/aidana