close
Мой Beeline

Мой Beeline

Google Play-ден жаңы версиясын жүктөп алыңыз

close
Мой Beeline

Мой Beeline

Sky Mobile

Оценка

Акысыз - App Store-до

Артка

Beeline Келечек: жаңы муунду шыктандырабыз!

Beeline Келечек: жаңы муунду шыктандырабыз!

Ушул жылдын октябрь айында Бишкек шаарында Beeline Келечек болуп өттү. Бул жөн гана иш чара эмес – бул телекоммуникация тармагында карьерасын баштоону көздөгөн амбициялуу студенттерди жана жаш адистерди бириктирген программа. Beeline эксперттери тажрыйбалары менен бөлүшүп, компаниянын иши тууралуу айтып беришти, стажировкадан өтүү үчүн талапкерлер менен маектешишти жана кесиптик өсүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтүштү.

Бул башталышы гана! Beeline Келечек өз мейкиндиктерин кеңейтип, Кыргызстандын аймактарына жөнөтөт.  

Жакында Beeline Келечек командасы өлкөнүн түштүк борбору – Ош шаарына барат. 6-декабрда Ош Мамлекеттик Университетинде өзүнүн жолун кесиптер дүйнөсүндө издеп жаткандар үчүн кайрадан эшигибизди ачабыз. Ошондой эле биз Кыргызстандын компанияларындагы HR-адистерди биздин Ош шаарында боло турган вакансиялар жармаңкесинде катышууга чакырабыз.     

Beeline Келечекке келгендерди төмөнкүлөр күтөт:

•    Beelineдан стажировкалардын жана вакансиялардын бет ачары;
•    HR адистерине суроо берүү жана баалуу сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгү.

Кыргызстандын таланттуу жаштары карьерасын баштоо үчүн мыкты шарттарга татыктуу деп ишенебиз. Beeline Келечек — бул жөн гана жумуш орундары эмес, бул биз чогуу түзө турган жркын келечек. 

6-декабрда ОшМУга келгиле жана өзүңөрдүн ийгиликке болгон жолуңарды Beeline Келечек менен баштагыла.
 

https://beeline.kg/ru/aidana