
Beeline борбордук кеңсесинде өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өтөт
19 нояб. 2026
Бүгүн, 19-ноябрда, Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү 115/1 дарегинде жайгашкан Beeline башкы кеңсесинде өрт коопсуздугу боюнча машыгуу өтөт. Ага имаратта болгон кызматкерлер жана келген коноктор катышат.
Машыгуу учурунда имаратта өрт чыккан кырдаал моделдештирилет. Саат 16:00дө кеңседе окуу сигналдык белгиси жаңырып, эвакуациялоо машыгуусу башталат. Компаниянын кызматкерлери өрт чыккан учурдагы аракеттерди иштеп чыгып, өрт өчүргүчтөрдү колдонууга машыгышат.
Үзгүлтүксүз өткөрүлүүчү мындай машыгуулар — Beeline компаниясынын кызматкерлердин жана келген коноктордун коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамилесинин бир бөлүгү. Мындай иш-чаралар команданын күтүлбөгөн кырдаалдарга даярдыгын текшерүүгө жана аныкталган кемчиликтерди өз убагында жоюуга мүмкүндүк берет.
19 нояб. 2026