
«Менин шаарым» — эми биздин абоненттер үчүн мобилдик интернет акысыз
20 нояб. 2026
Beeline Улуттук мобилдик оператор жана Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Санариптик технологиялар борбору» муниципалдык ишканасы шаардык санариптик сервистерди колдонууда мобилдик интернет-трафикти акысыз кылышты.
Эми «Менин шаарым» мобилдик тиркемесин колдонууда тарифтик топтомдогу интернет трафиги сарпталбайт жана баланста каражат жок болгон учурда да тиркеме иштей берет.
«Менин шаарым» — шаар тургундары үчүн эң керектүү шаардык кызматтарды бириктирген сервис. Анын жардамы менен борбор калаанын тургундары шаардык кызматтарга кайрылууларды жөнөтүп, коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзүп, коомдук транспорттун кыймылын көзөмөлдөп, электрондук билеттерди сатып алып жана башка пайдалуу функцияларды колдоно алышат.
Мобилдик интернет-трафикти акысыз пайдалануу мүмкүнчүлүгү муниципалдык ишканалардын жана шаардык кызматтардын кызматкерлери күн сайын колдонгон «Өндүрүштүк иштерди эсепке алуу» маалыматтык системасына да жайылтылды. Бул система аткарылган иштерди каттоого, тапшырмалардын аткарылышын көзөмөлдөөгө жана шаардык түзүмдөрдүн ишин координациялоого жардам берет.
Beeline мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен биргеликте Кыргызстандын тургундары үчүн санариптик кызматтарды мындан ары да жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуунун үстүндө иш алып барууда. Күнүмдүк иштериңизди ашыкча чыгымдарсыз онлайн режиминде чечиңиз!
Beeline — жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн улуттук оператору.
20 нояб. 2026