Beeline, Кыргызстандын медициналык мекемелеринин кызматкерлерин акысыз байланыш менен камсыз кылат

Өлкөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу, Компания, дарыгерлерге жана башка медицина кызматкерлерине акысыз пакеттерди камтыган SIM-карталарды таратып берүү чечимин кабыл алды.

Учурда, аймактарда иш алып барган Компаниянын кызматкерлери арыздарды чогултуп, SIM-карталардын тизмелерин түзүп жатышат. Андан кийин, алар, 2020-жылдын 6-сентябрына чейинки мөөнөткө, “Бирге интернет үчүн” тарифтик планына кошулат. Акысыз байланыш SIM-карталары медициналык мекемелердин кызматкерлерине түздөн-түз жеткирүү кызматы тарабынан жеткирилет. 

"Биз COVID-19 менен күрөшүүдө жардам көрсөтүүнү улантып жатабыз, жана учурда окуялардын алдыңкы катарында болгон адамдарга (ооруканаларда, госпиталдарда, ҮМБлорунда жана стационарларда эмгектенген медицина кызматкерлери) көбүрөөк көңүл буруп жатабыз", - деди Скай Мобайл ЖЧКнун коммерциялык мүдүрү Александр Атаманов. - "2020-жылдын март айынан тарта, биздин компания Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Балыкчы жана Чолпон-Ата шаарларынын дарыгерлерине жана башка медицина кызматкерлерине даректүү жардам көрсөтүп келет".

Көнүл бургула! Beeline, медициналык мекемелерден, кызматкерлердин аты-жөнү көрсөтүлгөн жана башкы дарыгердин колу коюлган жана мөөрү басылган тизмелерди кабыл алат. Медициналык мекемелердин арыздары төмөндөгү номерлер боюнча кабыл алынат:

Бишкек аймактык бөлүмү – 0776003399

Каракол аймактык бөлүмү – 0775977597

Нарын аймактык бөлүмү – 0778777999

Талас аймактык бөлүмү – 0777990255

Жалал-Абад аймактык бөлүмү – 0775588884

Ош аймактык бөлүмү – 0227227227

Баткен аймактык бөлүмү – 0770071007

https://beeline.kg/ru/aidana