Beeline Ысык-Көлдө биринчи мобилдик кеңсесин ачты

8-июлдан тарта, кыргызстандыктарга Beeline операторунун Ысык-Көлдөгү жаңы форматтагы мобилдик кеңсеси жеткиликтүү болот. Мындай кеңсенин биринчиси Түп айылында орун алды. Буга чейин Beeline’дын сатуу жана тейлөө кеңсеси Караколдо же Чолпон-Атада гана болгон. Эми керектүү кызматтарды алуу үчүн ондогон чакырымдарды басып өтүүнүн кажети жок.

Мобилдик кеңсе – бул, зарылчылыкка жараша, каалаган жерге көчүрүлө турган атайын бир конструкция. Ошол эле учурда, мындай кеңсе башкалардан эч айырмаланбайт, жана бул жерде кардарларга ар кандай байланыш кызматтары көрсөтүлөт:

1. Тарифти өзгөртүү;

2. Номерди калыбына келтирүү;

3. Номерди кайрадан каттоодон өткөрүү;

4. SIM-картаны алмаштыруу;

5. Номерди бөгөттөө/бөгөттөн чыгаруу;

6. Кошумча кызматтарды кошуу/өчүрүү.

Башка кызматтардан тышкары, мобилдик кеңседе Элкарт картын сатып алуу, телефондорду бөлүп төлөөгө же насыяга алуу, жана ошондой эле Balance.kg’де идентификациялоодон өтүү мүмкүн.

Иштөө убактысы: 9:00 - 18:00 тыныгуусуз, ишемби – санитардык күн.

Кардарлардын жана кызматкерлердин коопсуздугу үчүн, Beeline операторунун бардык сатуу кеңселеринде санитардык-эпидемиологиялык чаралар көрүлөт: бет кап режими, антисептиктерди колдонуу, имарат ичин дезинфекциялоо. Оператордун өкүлдөрү, тейлөө сапатын жогорку деңгээлде кармоо, жана Beeline’дын кардарлары үчүн, кайда болбосо да, жогорку сапаттагы кызматтардын жеткиликтүү болушу абдан маанилүү экендигин баса белгилешет.

Сиздин жана жакындарыңыздын камын ойлоп, Beeline!

https://beeline.kg/ru/aidana