Кызмат

Үйдөгүдөй роуминг*

Интернет: ЧЕКСИЗ

Чалуулар: 10 мүнөт

199 сом/сутка

Өлкөлөр: Россия, Казакстан, Өзбекстан – Beeline тармактары, Түркия, Сауд Аравия жана БАЭ – бардык тармактар

199 с / Суткасына

Кошуу
Кененирээк

Кызматты башкаруу

Закрыть Открыть

Кызматты кошуу: *780#
Топтомду жаңыртуу: *780*9#
Топтомдун калдыгын текшерүү: *780*1#
Статусун текшерүү: *780*2#
Кызматты өчүрүү: *780*0#.

Ошондой эле, Сиз кызматты Мой Beeline тиркемеси же Жеке кабинетиңиз аркылуу башкара аласыз.

Маанилүү маалымат:
Кыргызстанга келген соң, «Роуминг» кызматын *777*0# буйругу аркылуу өчүрүүнү сунуштайбыз, анткени чек ара аймагында Сиздин телефонуңуз башка өлкөнүн мобилдик операторунун тармагына автоматтык түрдө катталышы мүмкүн, жана чалуулар, интернет, SMS роуминг шарттарына ылайык тарифтештирилиши мүмкүн.
Көңүл буруңуз! Чет өлкөдө роумингди өчүргөн соң, Кыргызстанга кайтып келгенге чейин байланышсыз каласыз.

*Башка шарттар

Закрыть Открыть

Чексиз интернет топтому төмөнкү шарттарда берилет: 
• Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркияда – жогорку ылдамдыкта күнүнө 1 ГБ; 
• Сауд Арабиясында жана БАЭде – жогорку ылдамдыкта күнүнө 400 МБ; 
• андан кийин топтомдун мөөнөтү бүткөнгө чейин ылдамдык 128 Кб/с чейин болот. 
Суткасына 10 мүнөттүк чалуулар топтому Россияда, Казакстанда, Өзбекстанда жана Түркияда гана иштеп, төмөнкү шарттарда берилет: 
• бардык кирүүчү чалуулар; 
• кабыл алуучу өлкөдөгү чыгуучу чалуулар; жана 
• Кыргызстандагы Beeline номерлерине багытталган чалуулар. 
Чалуулар жана интернет топтомдору берилген учурдан тартып 24 саат бою жарактуу бо-лот. Колдонулбаган мүнөттөр жана интернет трафиги топтомдун мөөнөтү аяктаган соң, күйүп кетет. 
Топтомдордун мөөнөтү аяктаганда, жаңы топтомдор роумингде чалуу же интернетти колдонуу аракети көрүлгөндө берилет. Ал үчүн баланста керектүү сумма болууга тийиш. 
Эгер 10 мүнөттүк чалуу топтому топтомдун мөөнөтү аяктаганга чейин түгөнүп, чалуу ара-кети көрүлгөн учурда, жаңы чалуу жана интернет топтомдору берилет. Бирок интернет мурда берилген топтомдон сарптала берет. Ал топтомдун мөөнөтү аяктаганда гана, жаңы берилген топтомдон сарптала баштайт. 
Эгер жогорку ылдамдыктагы интернет топтому түгөнсө, аны USSD буйругу же Мой Beeline+Balance аркылуу жаңыртуу мүмкүн. 
Чалуулардын тарифтештирүүсү – мүнөт сайын. Интернеттин тегеректөө кадамы – 100 килобайт. 
Бардык тарифтер салыктарды эске алуу менен көрсөтүлгөн. Бул кызмат роумингдеги БизнесБонустан тышкары бардык роуминг кызматтарына карата эң жогорку артыкчы-лыкка ээ. 
«Үйдөгүдөй роуминг» кызматына кирбеген башка роуминг кызматтары «Роуминг» кыз-матынын же артыкчылыгына жараша башка активдүү роуминг кызматтарынын базалык тарифтештирүү шарттарына ылайык жеткиликтүү болот. Кызмат төмөнкүлөрдөгү або-ненттер үчүн жеткиликтүү: 
• апталык жана 4 апталык prepaid тарифтик пландары; 
• корпоративдик топтор. 
Кызматты кошуу жана өчүрүү – акысыз. 
Эгер суроолоруңуз болсо, *611 номерине чалыңыз. Эгер Сиз чет өлкөдө роумингде болсоңуз – +996 777 061100. Beeline'дын абоненттери үчүн чалуулар – акысыз.

Роумингде интернетти ырастоо

Закрыть Открыть

Интернет-роуминг алгачкы ирет активдештирилген учурда, Сизге автоырастоолор келип түшөт.
Эгер автоырастоолор келбесе, же аларды сактоо мүмкүн болбосо, анда аны кол менен жасоо зарыл болот (нускамалар төмөндө):

Роумингде интернеттин туура иштеши үчүн телефондун ырастоолорунда төмөнкүлөрдү аткарыңыз:
 •  «Точка доступа: internet» деп туура жазыңыз;
 •  «Интернет/Передача данных в роуминге» функциясын активдештириңиз.

Ар кандай өндүрүүчүлөрдүн телефондорунда муну кантип аткаруу мүмкүн?

Xiaomi 
1.    Настройки – Сим карты и Мобильные сети – Выбираем SIM – Точки доступа (APN) - при создании/изменении точки доступа прописать в APN internet
2.    Настройки – Сим карты и Мобильные сети – Расширенные настройки – Интернет в роуминге – Международный роуминг выбрать «Всегда»

Samsung 
1.    Настройки – Подключения - Мобильные сети – Точки доступа – прописать internet
2.    Настройки – Подключения – Мобильные сети - «Данные в роуминге» активировать.

iPhone Apple
1.    Орнотуулар – Уюлдук байланыш – Маалымат жөнөтүү үчүн уюлдук тармак – «Сотовые данные» жана «Настройка LTE» деген эки талаада internet деп жазуу зарыл
2.    Орнотуулар – Уюлдук байланыш – Маалымат орнотуулары – «Роуминг данных» функциясын активдештириңиз.

Huawei 
1.    Настройки – Беспроводные сети – Мобильная сеть – Точки доступа – прописать internet
2.    Настройки – Беспроводные сети – Мобильная сеть – «Интернет-роуминг» активировать

Ошондой эле, тиркемелерди автожаңыртуу функциясын өчүрүүнү унутпаңыз:
iOS: Настройки –> Основные –> Обновление контента –> Выкл./ Wi-Fi

Android: Play Маркет –> Меню –> Настройки –> Автообновление приложений –> Только через Wi-Fi/ Никогда.

Роумингде балансты толуктоо

Закрыть Открыть

Саякатка чыгып жатып, корпоративдик балансыңызды алдын ала көбөйтүүнү сунуштайбыз. Ал үчүн корпоративдик топтун кураторуна кайрылыңыз (postpaid) же балансыңызды керектүү суммага толуктап алыңыз (prepaid).
Эгер роумингде балансыңызды толуктоо керек болсо, акысыз Wi-Fi’дан пайдаланып, балансты төмөнкүлөр аркылуу толуктоо мүмкүн:
- Байланыш борборуна кайрылып, «Автотөлөм» кызматынан пайдаланыңыз;
*202# буйругу аркылуу «Ишенимдүү төлөм» кызматын активдештириңиз.
Ошондой эле, акысыз Wi-Fi’дан пайдаланып, балансты төмөнкүлөр аркылуу толуктоо мүмкүн:
Balance.kg электрондук капчыгы;
- мобилдик банкинг тиркемеси;
QIWI.

Кошмуча маалымат

Закрыть Открыть

Роумингде номерлерди терүү тартиби
Роумингде номерлерди эл аралык форматта «+» белгиси аркылуу терүү зарыл: + [өлкө коду] [тармак коду] [абоненттик номер].
Мисалы: Beeline’дын 0777ХХХХХХ номери +996777ХХХХХХ форматында, 0312ХХХХХХ номери +996312ХХХХХХ форматында терилет.
SMS-билдирүүлөрдү жөнөтүү үчүн дагы алуучунун номерин эл аралык форматта «+» белгиси аркылуу терүү зарыл: + [өлкө коду] [тармак коду] [абоненттик номер].

Роуминг кымбатпы? Мен минуска түшүп кетишим мүмкүнбү?
Роуминг – бул арзан жана ыңгайлуу кызмат. Роуминг менен Сиз кайсы өлкөгө барбасаңыз дагы дайыма байланышта болосуз.
Роумингдеги утуштуу тарифтештирүү шарттары жана мыкты кошумча кызматтар саякатыңызды ыңгайлаштырат жана байланыш чыгымдарын оптималдаштырат.
Саякатка чыгып жатып, Сиз байланыш кызматтарына болгон керектөөлөрүңүздү болжолдоп, балансты, сапар мөөнөтүн эске алуу менен, керектүү суммага толуктай аласыз.
Ошол эле учурда, минуска түшүп кетүү мүмкүн эмес, анткени нөлдүк баланста Сиз байланыш кызматтарын пайдалана албай каласыз.
Роумингди колдонууну улантуу үчүн балансты толуктоо зарыл.

Роумингде балансты кантип толуктоо мүмкүн?
«Роумингде балансты толуктоо» бөлүмүн караңыз.

Роуминг иштебесе эмне кылуу зарыл?
Кабыл алуучу өлкөгө келгенде:
- эгер телефонуңуз тармакты автоматтык түрдө кармай албаса, анда «Автопоиск сети» функциясын өчүрүү керек – телефон өлкөдөгү жеткиликтүү тармактардын тизмесин көрсөтөт.
Сунушталган тармакты тандап, кол менен каттоодон өтүңүз;
- Кыргызстандан кетээрден мурда, Байланыш борборуна кайрылып, Сиз бара жаткан өлкөдөгү сунушталган тармакты сурап алыңыз;
- эгер телефонуңуз тармакка дале каттала албаса, анда телефондун ырастоолорунда «3G» режимин тандап, телефонду өчүрүп-күйгүзүү зарыл болот.

Ар кандай өндүрүүчүлөрдүн телефондорунда ырастоо мисалдары:
Xiaomi
1.    Настройки – SIM-карты и мобильные сети – Эгер 2 SIM-карталуу телефон болсо, анда SIM-картаны тандаңыз – Мобильные сети – «Выбирать сеть автоматически» функциясын өчүрүңүз – телефон түйүндөрдүн тизмесин көрсөтөт, сунушталган түйүндү тандаңыз;
2.    Настройки – SIM-карты и мобильные сети – SIM-картаны тандаңыз – Предпочтительный тип сети – «Предпочтительно 3G» тандаңыз.

Samsung 
1.    Настройки – Подключения - Мобильные сети – Операторы сети – «Выбирать автоматически» (автопоиск) функциясын өчүрүңүз – телефон түйүндөрдүн тизмесин көрсөтөт, сунушталган түйүндү тандаңыз;
2.    Настройки – Подключения - Мобильные сети – Режим сети –  «3G/2G (автоподключение)» функциясын тандаңыз.

Apple iPhone 
1.    Настройки – Сотовая связь – Выбрать сеть –  «Автоматически» (автопоиск) функциясын өчүрүңүз – телефон түйүндөрдүн тизмесин көрсөтөт, сунушталган түйүндү тандаңыз;
2.    Настройки – Сотовая связь – Параметры данных – Голос и данные – «3G» тармак режимин тандаңыз.

Huawei
1.    Настройки – Беспроводные сети – Мобильная сеть – Оператор – «Авто» функциясын өчүрүңүз – телефон түйүндөрдүн тизмесин көрсөтөт, сунушталган түйүндү тандаңыз;
2.    Настройки – Беспроводные сети – Мобильная сеть – Предпочтительный режим сети – «Авто 3G/2G» функциясын тандаңыз.

Роумингде байланыш борборуна кантип кайрылуу мүмкүн?
Роуминг тууралуу кандайдыр бир суроолоруңуз же көйгөйлөрүңүз болсо, +996777061100 номери боюнча Байларыш борбордун операторлоруна кайрылсаңыз болот.
Бул номер роумингде гана жеткиликтүү. Beeline’дын абоненттери үчүн чалуу акысыз.
Байланыш борборунун WhatsApp номери: +996777006611.

Көңүл буруңуз!
Кыргызстанга келген соң, «Роуминг» кызматын өчүрүүнү сунуштайбыз, анткени чек ара аймагында Сиздин телефонуңуз башка өлкөнүн мобилдик операторунун тармагына автоматтык түрдө катталышы мүмкүн, жана чалуулар, интернет, SMS роуминг шарттарына ылайык тарифтештирилиши мүмкүн.
 

https://beeline.kg/ru/aidana