Beeline
Русский   Кыргызский



Укуктук маалымат


Лицензия жана сертификаттар

«Sky Mobile» («Скай Мобайл») ЖЧК Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттиги тарабынан берилген 06-478-КР 30-май 2006-жыл, 06-479-КР 30-май 2006-жыл, 06-480-КР 30-май 2006-жыл, 06-495-КР 4-август 2006-жылдагы лицензияларга ылайык GSM стандартындагы Уюлдук кыймылдуу радиотелефон байланышы кызматын, шаар аралык жана эл аралык байланыш кызматын, маалымат берүү, телематикалык кызматтарды көрсөтөт.

beeline.kg сайтынын пайдалануучулары үчүн укуктук маалымат

«Sky Mobile» («Скай Мобайл») ЖЧК    сайтта жайгаштырылуучу материалды каалаган учурда алдын ала эскертпестен эле өзгөртүү укугун өзүнө калтырат. Үчүнчү жактардын өндүрүмдөрү жана кызматтарына шилтеме маалымат катары гана берилет жана  «Sky Mobile» («Скай Мобайл») ЖЧК аларды колдоп же сунуш кылат деп саноого болбойт.

Үчүнчү жактардын сайттарына шилтеме

Сайтта үчүнчү жактардын сайттары жөнүндө маалымат камтылышы мүмкүн.  Бул сайт менен байланышкан  Интернет-ресурска өтүү  пайдалануучунун  өз эркинде, «Sky Mobile» («Скай Мобайл»)  ЖЧК ал сайттардагы маалыматтын тактыгы, көз караш, сунуштар жана билдирүүлөрдүн аныктыгы учүн жооп бербейт. «Sky Mobile» («Скай Мобайл») ЖЧК башка сайттарга шилтемени пайдалануучунун ыңгайлуулугу үчүн гана берет ошондуктан «Sky Mobile» («Скай Мобайл») ЖЧК бул сайттардын мазмунун колдойт жана ал үчүн жоопкерчилик алат деп билүүгө болбойт.

Товардык белгилер

Сайтта жайгаштырылган товардык белгилер жана логотиптер «Вымпел-Коммуникациялары» ААКунун менчиги жана  Sky Mobile» («Скай Мобайл»)  ЖЧК аларды «Вымпел-Коммуникациялары» ААКу менен түзүлгөн товардык белгини пайдалануу жөнүндөгү лицензиялык макулдашуунун негизинде  пайдаланат.

Чектелген  лицензия

«Sky Mobile» («Скай Мобайл») ЖЧК Сизге бул сайтта жайгаштырылган материалдарды коммерциялык эмес гана максатта колдонуу үчүн көчүрмөлөөгө укук берет. Маалыматты башка максатта колдонууга тыюу салынат.  Андыктан сиз сайттын материалдарын көчүрмөлөө менен бардык автордук укуктарды жана түп нускадагы белгилерди сактоого макулдук бересиз. Жогоруда белгиленгенден башка бардык аракеттер соода маркасы жана патентке  лицензия же укук, же болбосо «Sky Mobile» («Скай Мобайл») ЖЧК же үчүнчү жактардын автордук укуктарын ээлеп алуунун кыйыр, атайын же башка түрү деп түшүнүлөт.

Бул сайттагы бардык маалымат автордук укуктар менен корголгон. Жогоруда белгиленгенден тышкары бардык учурларда сайтта жайгаштырылган маалыматты «SKY MOBILE» («СКАЙ МОБАЙЛ») ЖЧК жазуу жүзүндөгү уруксатысыз эч кандай түрдө, бардык каражаттар менен көчүрмөлөөгө тыюу салынат.  Сайтка баш баккан жана пайдалануучуларга сайттын материалын өзгөртүүгө, жайылтууга, коомдук жана коммерциялык максатта жарыялоого уруксат берилбейт.

  Уюлдук байланыш кызматын көрсөтүү эрежелери. (26Мб)


Вернуться назад